Dass wir uns finden, (Rike Scheffler)
Gedichte
Dass wir uns finden, auf endlichen Seen der Erde. Verwandte, verantwortlich für die Spezies Leben Strahlenflosser, Weichtiere, dass sie wahrnehmen: Paradigmenwechsel, einfach zu lernen wie Orientierung. Post-humane Lokation. Sende Love Letters to my watery others: Trinkwasser! In den Toiletten des Westens, zugänglich, nur voller Ione, Östrogene, Stolz. Sende rosa Emojis, Pfirsiche, Torten, während Flüchtende täglich im Mittelmeer sterben, Küstenwachen, Nationen, Seenotrettung verhindern. ‚Come on, Europa!‘ ‚There must be no sinking‘.
Өзүбүздү табабыз биз көлдөрдөн, Көлмөлөрдөн жердин аягындагы. Жашоодогу өзгөчөлүктөр үчүн, Жооптуу болот туугандар. Жаркыраган нурдуу сүзгүч канаттар, Моллюскалар дагы сезет аларды. Өзгөрүшүн анда парадигманын, Багыт менен оңой болот үйрөнүү. Бүгүн посттун жайгашуусу гумандуу. Деңиздеги досторума кат жөнөт! Сүйүү сөзү турсун анда камтылып. Ичүүчү суу, батыштагы жайгашкан, Камсыз кылат бардык даараткананы, Жүрөт анда иондуу деп айтылып. Эстрагендер, менменсинген, текебер, Жер Ортолук деңизинде качкындар, Өлүп жаткан кезде алар күнүгө, Шабдаалыдан, торттордон сал аларга, Бөлөп баарын күлкүгө. Бүт улуттар коопсуздукту жээктеги, Деңиздеги куткаруунун алдын ал! Ойгон да, тур, Европа, ал жерде, Балким бардыр үнсүз-сөзсүз адамдар.

Sie können Übersetzer*in sein

Senden Sie Ihre Version der Übersetzung dieses Gedichts