Jederzeit tritt es ein: e t w a s zu beginnen,
das man nicht mehr beenden kann. Talente oder
Fossilien. Jederzeit kann es beginnen, dass alles,
was man nicht mehr ist oder auch gar niemals war –
sich mehrt, Gemisch! Der Angstkomet stürzt schrill
in Richtung unserer Mutter Erde. Und knapp verfehlt.
Hier die Anleitung zur Löschung der Kosmogonie:
Nehmen Sie Nebel! So dass Phantome, Plankton,
Phänotypen, Mützen, Mösen und Nationen sowie Planken
alle ganz aus Nebel sind. Regeln Sie dann den Nebel
einige Stufen herunter. Regeln Sie ihn dann wieder herauf.
Auch ich muss umschalten. Ich habe Gummi getrunken!
Ich bin von innen verplombt und nutze den Nebel als Zelt.
Ich kann, was ich träume, gar nicht mehr tragen, Ernstjandokles! Was kann ich dir, ja was soll ich dir sagen?
Ich liebe gute Gesetze und gute gesetzestreue Leute,
die guten Gesetzen gehorchen, sowie eine Reihe
illegaler Drogen. O ihr Nebelhörner, tutet! Alles fällt!
Durch die harte Schale (Havarie der harten Schale)
sehe ich, dass man oft länger lebt, als dass es gut ist.
Die atomare Vernichtung allen Lebens, mit lieben Grüßen
in die große Runde, wäre ja auch das sichere Ende
gewisser Probleme. Ich melde: Habe Gummi getrunken.
Ich sehe jetzt den Reiz von diesem digitalen Code in Rot
blinken und im Nebel flackern. Ich sag mal, es verfinstert sich.
Каалаганда башталчу нерселер бар:
бир нерсени баштасан, бүтпөсү чын
таланттар же казылчу кендер өндүү.
Бул каалаган учурда кирип келет:
мааниси жок нерселер же болбосо,
көрүнүштөр акылга сыйбай турган.
Келет дагы көбөйөт, аралашып.
Коркунучтун жылдызы тик сайылып,
Жер Энеге түз, таамай карай учуп,
аз калганда алдастап кайып өтөт.
Аалам таануу илимин жок кылуунун
мына сага жөнөкөй колдонмосу:
Туманды ал! Элестер, фенотиптер
баш кийимдер, планктон,канттар дагы
тактайлар да, улуттар баары баары -
туман, туман, тумандан жаралгандар.
Ылдыйлаткын туманды нече катар
тепкичтерге, жөнгө сал. Анан гана
жогорулат, кайрадан жогорулат.
Мен да ушундай абалдан өтүшүм бар.
Желим ичтим. Ичимден кулпулангам,
туманды мен чатырдай пайдаландым.
Кыялдагы нерсени азыр мага,
көтөрүп да, артынып жүрүү кыйын.
Эрнстян-Docles! Сизге не айта аламын?
Сизге эмнени айтышым керек эле?
Баш ийе алган мыйзамга жана дагы,
мыйзам сактап жүрө алган адамдарды,
жактырамын, а бирок, бирок мага,
жагаары чын мыйзамсыз бангизатттар.
Оо тумандуу сурнайлар, үндөгүлө!
Кулап жатат бардыгы, кулап жатат!
Катуу кабык аркылуу кырсыктаган
керегинен көбүрөөк, узак, жакшы,
жашай берсе болоорун көрүп жатам.
Бардык тируу нерселер атом менен,
туура максат аркылуу жок кылынса,
чон жүрүштө,белгилүү көйгөйлөрдүн,
ишенимдуу аягы, соңу болмок.
Жарыялайм: мен бүгүн желим ичтим!
Санариптуу кызыл код керемети,
бүлбүл жанат тумандын арасынан,
ал акырын карарып өчүп барат,
өчүп барат... өчтү окшойт... өчөт... өчтү...