für Asbjørn Stenmark
aufs postschiff zu warten an einem fjord,
der tief ins land greift, weit hinab bis walhalla,
unter den bergen, wo die rentierfährte
im schnee zu schnapsgläsern erstarrt; wo alle
welt nur zeit ist, der tag das verirrte
talglicht in einer riesenhaften höhle
oder ein tag nie endet. weil das schiff
alles erwachen läßt, sobald die mole
geküßt ist, nicht bloß den salzigen stockfisch
der zeitung bringt, vielmehr als metropole
das rote holzhaus löscht, den gin bringt, den jive,
die bunten lampen und die tanzkapelle.
aufs postschiff zu warten, schon wenn es im milchigen dunst die taue löst, um abzulegen.
und wieder nichts als diese orgelkelche
von eiszapfen, unterm schuh die krachenden algen,
die dunkelheit. so still – du hörst die elche
das salz von den vereisten steigen lecken.
Форд аталган ичке деңиз куймасы,
Күтөт күндө келчү почта кемесин,
Келүүчүдөй көптөн күткөн курдашы.
Ал өлкөнүн тереңине жол алып,
Карда тоңгон кийиктердин издери,
Арак куйчу чөйчөктөрдөй сыягы.
Убакыттай эсептелип бүт дүйнө,
Ченем болуп, санак болуп бул күндө
Күн жоголгон шам үлбүрөйт үңкүрдө
Узак бул күн, бүтпөчүдөй эч качан,
Себеби бар: кеме баарын ойготот,
Чайып барып кайып өтөт дамбадан.
Кургатылган, сүрсүгөн же туздалган,
Ташыганы балык эмес бир гана,
Гезити бар, анан калем учталган.
Жин да келет бул кемеден орун таап,
Түстүү чырак, бий топтору бир катар.
Жыгач үйдү жээктеги кызарган,
Көзгө илинтпей кетет толкун, суу каптап.
Суюлганда туман барып акырын,
Кеме күткөн эч ким калбайт ал жакта.
Балыр калат бут алдыда жанчылган,
Капкакчалар тоңгон муздан салаңдап,
Караңгылык, ушунчалык тынчтыкта,
Туз жалашат муз үстүндө багыштар.