Акын, Касейинова Махабат 1985-жылы 25-августта Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Талды-Суу айылында туулган. Кыргыз-Түрк Манас университетинин Тарых бөлүмүн аяктаган. "Много языков-один мир" адабий конкурсунда кыргыз поэзиясы багыты боюнча биринчи орундун ээси, Ч. Айтматов фонду тарабынан уюштурулган "Дебют-2008" жайкы мектебинин катышуучусу. "Жолдо" ырлар жыйнагынын автору (2009), Улуттук Жазуучулар Союзунун мүчөсү.
Учурда Тоң районунун Бөкөнбаев айылында жашайт, айылдагы балдар бакчасында тарбиячы болуп иштеген, азыркы кезде декреттик өргүүдө, үй-бүлөлүү, төрт баланын энеси.
Менин котормолорум