Sehnsucht nach Ruhe in Bewegung, (Рик Шеффлер)
Ырлар
Sehnsucht nach Ruhe in Bewegung. Schöpfung bahnt sich durch Teilung. Bäche aus Blättern. In manchen Sprachen ist Urwasser dasselbe Wort wie Zwilling, das doppel-, vielgesichtig, nicht aus der Umarmung anderen Wassers lassen will: Erdinseln hinaufgetaucht, Wasserschlangen, Fruchtwasser, ein Mini-Ozean phylogenetischer Verfahren. Eschen, Amphibien. Ein Wiegenlied für Mütter, in einer Hütte gesungen. Mehr Verwüstung. Die Azteken opferten Thlaloc weinende Kinder, um die Wasserreserven der Lagunen aufzufrischen. Sie war in einem Prozess des Werdens, Ritus, Urwald, der im Wasser ruht. Moos im Magen, Meere im Blut. Quallen, Fische, Hunde weisen dieselben Salze in beinahe der gleichen Zusammensetzung auf: Kiemenbögen, Sintflut, Atlantis. Sedimente im Gedächtnis, synchron, zugleich: Symptom. Haoma, Makara, ein Elexier: ‚siwlkw‘. [ʂi’wɑkɧ]. [sea_walk] [seal_walk] [she_will_walk]. We will_
Кыймылда эс алууну эңсөө жакшы, Жаратуу бөлүнүүдөн ишке ашат. Айрым бир тилдердеги "туңгуч, суулар". Бул сөздө эгиз деген маани жатат. Көп жүздүү, кош тараптуу жана башка, Суулардын кучагынан баш тарта албайт. Жалбырак агымдары тынбастан эч, Аралдар калкып чыгат өйдө карай. Түйүлдүк айланасын каптаган суу, Жаралган бир кичине океандай, Жер-суудан айрыла албайт суу жыландар, Күл дарак анан дагы амфибиялар. Ырдалат алачыкта бешик ыры, Мындан да чоң кыйроолор орун алган, Лагунда сууну кайра толуктоого, Ацтектер ыйлап жаткан балдарды алып, Чалышкан курмандыкка Тлалокко. Ал эми калыптануу мезгилинде, Ырымдап сууда эс алган туңгуч токой, Балыктар, иттер жана медузалар, Туздалган дээрлик бирдей курам менен. Кан менен боелгондой деңиз анан, Ашказан тойгон өңдүү эңилчекке, Сел жүрүп, суу каптаган Атлантида, Чөкмөлөр, бакалоорлор, синхрондуу ...симптомдор кала берген эс тутумда. Хаома, Макара же Эликсирби? Деңизде сейилдөөнү ойлонобуз, Басабыз эртели-кеч деңиз бойлоп, Жасайбыз баарын-баарын Изибиз мөөр сымал калат жолдо...

Сиз котормочу боло аласыз

Бул ырдын котормосунун өз версиясын тапшырыңыз
Рик Шеффлер
Рик Шеффлер 1985-жылы Берлинде туулган, акын жана музыкант. Ал Берлинде психология жана Лейпцигдеги Немис адабияты институтунда адабий жазуу боюнча билим алып, Бранденбург дарбазасы фондунан, Берлин искусство академиясынан жана Гёте институтунан көптөгөн гранттары жана стипендиялары менен сыйланган. Анын 2014-жылы kuokbooks тарабынан басылып чыккан "калдыгы-резонанц" аттуу поэзиясы саясий жана авангарддык жазуу үчүн Орфил Дебют сыйлыгын жеңип алган. Шеффлердин ырлары журналдарга жана антологияларга басылып чыгат, алардын тексттерине, кээде айрым сахналык ырларга, тексттерге жана үн коллаждарына үн коштойт. Ал көп учурда башка сүрөтчүлөр менен кызматташат жана Берлин KOOK катталган бирикмесинин - адабият, музыка жана сүрөтчүлөр тармагынын мүчөсү. Шеффлердин эң акыркы эмгегине 2019-жылы Париждеги Токио сарайында тартуулаган "Сууга айлануу" үн инсталляциясы кирет. Октябрда Шеффлердин " Учуп бараткан мамыктар " аттуу жаңы поэтикалык тому Kookbooks басмасынан жарык көргөн.
Моника Ринк
1979-жылы Цвейбрюккенде туулуп, Бохумда, Берлинде жана Йельде дин таануу, тарых жана салыштырма адабият боюнча билим алган. Анын көркөм чыгармачылыгы дисциплиналар аралык: Ринк поэзия, эссе жана проза ырлардын сөзүн жазып, котормочу болуп иштейт. Мындан тышкары, ал өзүнүн концептуалдык студиясы менен күнүмдүк медиа турмушундагы кызыктай терминдерден жана сөз түзүмдөрүнөн шыктанган, тынымсыз өсүп жаткан санариптик заманбап лексикондун бир түрү боюнча иштейт. Ринк өзүнүн адабий чыгармачылыгы үчүн 2008-жылы Эрнст Майстер сыйлыгы, 2015-жылы Клейст сыйлыгы, 2017-жылы Эрнст Жандл сыйлыгы жана 2021-жылы Берлин адабият сыйлыгы сыяктуу көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон. Анын тексттери ар кандай басмаканаларда, антологияларда жана адабий журналдарда жарык көргөн. Ринк Германиядагы PEN борборунун, Германиянын Тил жана Поэзия Академиясынын жана Берлиндеги Көркөм Академиясынын мүчөсү, өзү да ошол жерде жашайт.
Аня Кампманн
Аня Кампманн 1983-жылы Гамбургда төрөлгөн. Лейпцигдеги университетте жана немис адабияты институтунда окуган. 2006-жылы жазуу сынактарындагы биринчи ийгилигинен бери ал өзүнүн поэзиясы жана прозасы үчүн көптөгөн сыйлыктарды мисалы, Айова штатындагы Эл аралык Жазуу Программасынын стипендиясын алган. 2016-жылы анын "Таш жана жарыктагы изилдөөлөр" аттуу дебюттук поэмасы Лирик Кабинетт басылмасында Hanser-басмакана тарабынан, андан кийин 2017-жылы "Балык уурулар" атуу чыгармасы басылып чыккан. Анын 2018-жылы жарык көргөн “Суу канчалык бийик көтөрүлөт” романы Лейпциг китеп жарманкесинин жана Германиянын китеп сыйлыгына талапкер болуп, ар кайсы тилдерге которулган. Англис тилиндеги котормосу 2020-жылы АКШнын Улуттук китеп сыйлыктарына көрсөтүлгөн. 2021-жылдын жазында Кампмандын "Ит дайыма ачка" аттуу ырлар тому Hanser басмакана тарабынан басылып чыккан.