Die Mirabellen, (Даниэла Зеел)
Ырлар
Die Mirabellen verschwinden vor ihrer Süße. Wegen der Amseln vielleicht. Oder wegen des Schattens, des Schattens in meinem Verdacht. Wie ich die Küken verwünschte in ihrer Niedlichkeit, die noch das Halsumdrehen verleidet. Sind es denn Tiere, die schreien? Dass Schreien einmal nur Gackern sei! «Aier eraus, Speck eraus, sonst robbe mer‘m Gickel de Schwanz enaus!» Un‘ 's ganze Mannsvolk mit Mistgabeln der Sau nach, der ausgebüxten – und fassen sie? Ach. Es passierte ja. Unter der Hand oder unter der Haube, unter dem Laub. Ich steh bei den Mädchen, ich sag‘s nicht bloß aus Erzählung. Streut eine hin, kehrt eine aus ... Also werde ich weinen? Lernen vom Stein, der sich barmherzig zeigt, aus Unmenschlichkeit. Dass ich atme, wie unter Betäubung noch, brüsk, dass ein Nicht-mehr gegen ein Noch-nicht spielt – und vergibt? Unmenschlich. Wie alles derart bei sich ist.
Кара өрүк «Мирабель», кара өрүктөр, мүмкүн таттуу болгон үчүн түгөндү Мүмкүн ала канаттардын айынан, же болбосо көлөкөлөр күнөөлүү, мага таандык шектенүүнүн көлөкөсү, айрыкча Кантип оозум барды, билбейм каргаганы жөжөлөрдүн чырайын? Алар мага таарынышты, моюндарын терс бурду. Кыйкырат го, жаныбарлар, сыягы... Кыйкырыкпы ушул нерсе биз уккан, же жөн эле какылыктап жатабы? «Жумурткалар, майлар дагы жоголсун, эгер андай болбосо, жулуш керек куйруктарын короздун!» Мегежинди айры менен куугандар –аны кармай алдыбы? Ой! Ушундай иш болду, кол алдында, баш кийимдин алдында, же алдында жалбырактын жерде жаткан шуудурап. Кыздар менен биргемин мен, муну дагы айткан жокмун жөн жерден, бирөө чачат, экинчиси шыпырат. Ыйлаймынбы эми мен? Адамдарга караганда таштар дагы мээримдүү, үйрөнөбүз мындан ары таштардан биз мээримди. Дем алгансып жатам наркоз алдында, чукул ыза, боло элек нерселерди утурлай каршы эч ким ойнобойт. Кечиремби? Айбанчылык. Баар, баары себеби жок ушундай.

Сиз котормочу боло аласыз

Бул ырдын котормосунун өз версиясын тапшырыңыз
Рик Шеффлер
Рик Шеффлер 1985-жылы Берлинде туулган, акын жана музыкант. Ал Берлинде психология жана Лейпцигдеги Немис адабияты институтунда адабий жазуу боюнча билим алып, Бранденбург дарбазасы фондунан, Берлин искусство академиясынан жана Гёте институтунан көптөгөн гранттары жана стипендиялары менен сыйланган. Анын 2014-жылы kuokbooks тарабынан басылып чыккан "калдыгы-резонанц" аттуу поэзиясы саясий жана авангарддык жазуу үчүн Орфил Дебют сыйлыгын жеңип алган. Шеффлердин ырлары журналдарга жана антологияларга басылып чыгат, алардын тексттерине, кээде айрым сахналык ырларга, тексттерге жана үн коллаждарына үн коштойт. Ал көп учурда башка сүрөтчүлөр менен кызматташат жана Берлин KOOK катталган бирикмесинин - адабият, музыка жана сүрөтчүлөр тармагынын мүчөсү. Шеффлердин эң акыркы эмгегине 2019-жылы Париждеги Токио сарайында тартуулаган "Сууга айлануу" үн инсталляциясы кирет. Октябрда Шеффлердин " Учуп бараткан мамыктар " аттуу жаңы поэтикалык тому Kookbooks басмасынан жарык көргөн.
Моника Ринк
1979-жылы Цвейбрюккенде туулуп, Бохумда, Берлинде жана Йельде дин таануу, тарых жана салыштырма адабият боюнча билим алган. Анын көркөм чыгармачылыгы дисциплиналар аралык: Ринк поэзия, эссе жана проза ырлардын сөзүн жазып, котормочу болуп иштейт. Мындан тышкары, ал өзүнүн концептуалдык студиясы менен күнүмдүк медиа турмушундагы кызыктай терминдерден жана сөз түзүмдөрүнөн шыктанган, тынымсыз өсүп жаткан санариптик заманбап лексикондун бир түрү боюнча иштейт. Ринк өзүнүн адабий чыгармачылыгы үчүн 2008-жылы Эрнст Майстер сыйлыгы, 2015-жылы Клейст сыйлыгы, 2017-жылы Эрнст Жандл сыйлыгы жана 2021-жылы Берлин адабият сыйлыгы сыяктуу көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон. Анын тексттери ар кандай басмаканаларда, антологияларда жана адабий журналдарда жарык көргөн. Ринк Германиядагы PEN борборунун, Германиянын Тил жана Поэзия Академиясынын жана Берлиндеги Көркөм Академиясынын мүчөсү, өзү да ошол жерде жашайт.
Аня Кампманн
Аня Кампманн 1983-жылы Гамбургда төрөлгөн. Лейпцигдеги университетте жана немис адабияты институтунда окуган. 2006-жылы жазуу сынактарындагы биринчи ийгилигинен бери ал өзүнүн поэзиясы жана прозасы үчүн көптөгөн сыйлыктарды мисалы, Айова штатындагы Эл аралык Жазуу Программасынын стипендиясын алган. 2016-жылы анын "Таш жана жарыктагы изилдөөлөр" аттуу дебюттук поэмасы Лирик Кабинетт басылмасында Hanser-басмакана тарабынан, андан кийин 2017-жылы "Балык уурулар" атуу чыгармасы басылып чыккан. Анын 2018-жылы жарык көргөн “Суу канчалык бийик көтөрүлөт” романы Лейпциг китеп жарманкесинин жана Германиянын китеп сыйлыгына талапкер болуп, ар кайсы тилдерге которулган. Англис тилиндеги котормосу 2020-жылы АКШнын Улуттук китеп сыйлыктарына көрсөтүлгөн. 2021-жылдын жазында Кампмандын "Ит дайыма ачка" аттуу ырлар тому Hanser басмакана тарабынан басылып чыккан.