Hätt ich die eine Orange, (Даниэла Зеел)
Ырлар
Hätt ich die eine Orange, wollt ich sie teilen mit den andern, den Höllenreitern, wollt ich Versäumnisse scheiden, ein Sagengebinde, vom Nimmerbereiten, auskühlend und vor Routinen blind, hätt ich die zweite, die windgescheite, ich schälte aus Scham einen Ring, würde Morgen darüber, die Mähnen bleich, oh lausiger Geiz – wo ist die Orange jetzt hin?
Эгер менде бир апельсин болгондо, анда аны бөлүшмөкмүн эл менен. Тозоктогу чабармандар силерге, тоскоолдукту бөлүштүрүп бермекмин. Жасалбаган нерселердин бардыгы, окшойт бүтпөс дастанга. Муздак жана айлампадай көр тиригиликтин алдында, даяр эмес киши - сокур. Эгер менде экинчиси болгондо, уялмакмын акыл-эстүү шамалдан уятыма чыдабай, шакегимди аарчымакмын тазалап. Ал жөнүндө, бирок эртең айтамын. Көкүлдөрү куу тартты. Оо, ачкөздүк, кудай алгыр, кайда кетти апельсин?

Сиз котормочу боло аласыз

Бул ырдын котормосунун өз версиясын тапшырыңыз
Рик Шеффлер
Рик Шеффлер 1985-жылы Берлинде туулган, акын жана музыкант. Ал Берлинде психология жана Лейпцигдеги Немис адабияты институтунда адабий жазуу боюнча билим алып, Бранденбург дарбазасы фондунан, Берлин искусство академиясынан жана Гёте институтунан көптөгөн гранттары жана стипендиялары менен сыйланган. Анын 2014-жылы kuokbooks тарабынан басылып чыккан "калдыгы-резонанц" аттуу поэзиясы саясий жана авангарддык жазуу үчүн Орфил Дебют сыйлыгын жеңип алган. Шеффлердин ырлары журналдарга жана антологияларга басылып чыгат, алардын тексттерине, кээде айрым сахналык ырларга, тексттерге жана үн коллаждарына үн коштойт. Ал көп учурда башка сүрөтчүлөр менен кызматташат жана Берлин KOOK катталган бирикмесинин - адабият, музыка жана сүрөтчүлөр тармагынын мүчөсү. Шеффлердин эң акыркы эмгегине 2019-жылы Париждеги Токио сарайында тартуулаган "Сууга айлануу" үн инсталляциясы кирет. Октябрда Шеффлердин " Учуп бараткан мамыктар " аттуу жаңы поэтикалык тому Kookbooks басмасынан жарык көргөн.
Моника Ринк
1979-жылы Цвейбрюккенде туулуп, Бохумда, Берлинде жана Йельде дин таануу, тарых жана салыштырма адабият боюнча билим алган. Анын көркөм чыгармачылыгы дисциплиналар аралык: Ринк поэзия, эссе жана проза ырлардын сөзүн жазып, котормочу болуп иштейт. Мындан тышкары, ал өзүнүн концептуалдык студиясы менен күнүмдүк медиа турмушундагы кызыктай терминдерден жана сөз түзүмдөрүнөн шыктанган, тынымсыз өсүп жаткан санариптик заманбап лексикондун бир түрү боюнча иштейт. Ринк өзүнүн адабий чыгармачылыгы үчүн 2008-жылы Эрнст Майстер сыйлыгы, 2015-жылы Клейст сыйлыгы, 2017-жылы Эрнст Жандл сыйлыгы жана 2021-жылы Берлин адабият сыйлыгы сыяктуу көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон. Анын тексттери ар кандай басмаканаларда, антологияларда жана адабий журналдарда жарык көргөн. Ринк Германиядагы PEN борборунун, Германиянын Тил жана Поэзия Академиясынын жана Берлиндеги Көркөм Академиясынын мүчөсү, өзү да ошол жерде жашайт.
Аня Кампманн
Аня Кампманн 1983-жылы Гамбургда төрөлгөн. Лейпцигдеги университетте жана немис адабияты институтунда окуган. 2006-жылы жазуу сынактарындагы биринчи ийгилигинен бери ал өзүнүн поэзиясы жана прозасы үчүн көптөгөн сыйлыктарды мисалы, Айова штатындагы Эл аралык Жазуу Программасынын стипендиясын алган. 2016-жылы анын "Таш жана жарыктагы изилдөөлөр" аттуу дебюттук поэмасы Лирик Кабинетт басылмасында Hanser-басмакана тарабынан, андан кийин 2017-жылы "Балык уурулар" атуу чыгармасы басылып чыккан. Анын 2018-жылы жарык көргөн “Суу канчалык бийик көтөрүлөт” романы Лейпциг китеп жарманкесинин жана Германиянын китеп сыйлыгына талапкер болуп, ар кайсы тилдерге которулган. Англис тилиндеги котормосу 2020-жылы АКШнын Улуттук китеп сыйлыктарына көрсөтүлгөн. 2021-жылдын жазында Кампмандын "Ит дайыма ачка" аттуу ырлар тому Hanser басмакана тарабынан басылып чыккан.