Гүлзада Станалиева - 1974-жылы 27-мартта Кыргызстандын Токтогул өрөөнүндө төрөлгөн.
1996-жылы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.
1999-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Манастаануу жана көркөм искусство борборуна аспирантурага тапшырып, 2008-жылы филология илимдеринин кандидаты илимий даражасын алган.
Ал "1916-жыл кыргыз адабиятында" (2016) монографиясы баш болгон төрт китептин автору. Беш китепке авторлош болуп, 30 дан ашуун илимий жана публицистикалык макалаларын жарыкка чыгарган.
Акын, жазуучу.
Үй бүлөлүү, эки кыз, бир уулдун энеси.